Азиз сүрөтчүнүн кыялы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
22 жаштагы сүрөтчү Евгений Нурматовдун көзү көрбөйт. Ал былтыр өз балалыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсүн уюштурган. Евгений жети жашында өгөй ата-энесинен запкы тартып, көзү көрбөй калган. Сүрөтчүлүктөн тышкары массаж жасап үй-бүлөсүн багат. Ал каражат топтоп, көзүнө операция жасатып, үй сатып алууну кыялданат.