Эл аралык баскетбол федерациясы (FIBA) мусулман спортчу айымдарга хижаб кийүүгө уруксат берди. Бул чечим быйыл 1-октябрда күчүнө кирет.
Спортчу айымдар жүзүн жаппаган жана оюн учурда жолтоо кылбаган баш кийимдерди кийүүсү керек. Жаңы тартип боюнча командадагы бардык оюнчулар бирдей түстөгү хижабда болушу шарт.
2014-жылы сентябрда Катардын баскетбол боюнча курама командасы хижабсыз ойноо талабы коюлгандыктан, Азия оюндарына катышуудан баш тарткан. Хижабга тыюу салуу - коопсуздук талаптарына негизделген болчу.