Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып жатат.
3-майга карата топурак алдында калган турак жайлардын саны 24кө жетти. Көчкү 35 электр мамысын да басып калды. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Бул жердеги жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Алар үчүн 60 чатыр тигилген, анын бирине жергиликтүү ФАП жайгашты. Жаңы трансформатор орнотулуп, электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлөрү кабарланды.
4-майда опурталдуу аймакта көчкү басып калган үйлөрдүн саны 19 болчу.
Аймакта жалпы 61 турак жай жайгашкан. Андан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке да коркунуч жаралган. Шор-Суу аттуу сайды көчкү бөгөп, ал жерде суу топтолууда. (NT)