Жер титирөөдөн Чоң-Алайдагы үйлөрдө майда жаракалар пайда болду

Бүгүнкү жер титирөөдөн пайда болгон жаракалар.

Бүгүн эртең мененки саат 10:47де катталган жер титирөөдөн Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагындагы айрым турак үйлөрдө, короо-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жеринен тактоо үчүн министрликтин райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы Жекендиге жөнөп кетти.

Улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жер титирөөнүн очогу Алай районунан батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алган. Анын күчү очогунда 6-7 баллга жеткен. Исфара, Ош, Баткенде 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалган. (КЕ)