Бердымухаммедов Мирзиёевди деңиз курортуна чакырды

Гурбангулы Бердымухаммедов менен Шавкат Мирзиёев.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу түркмөн медиасы кабарлады.

Эки президент 1-майда телефондо сүйлөшүштү. Бердымухаммедов Мирзиёевге Аваза деңиз курортун көрүп кетүүнү жана анын кандай өнүгүп жатканына баа берүүнү сунуштады.

Түркмөнстан президентинин айтымында, Каспий жээгиндеги балдар лагерлери, санаторийлер, мейманканалар Өзбекстандан келген меймандарды кабыл алууга даяр.

Маалыматтарга караганда, Мирзиёев түркмөн кесиптешинин сунушун кабыл алды. Сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы чет өлкөлүк сапарын Түркмөнстандан баштаган. Ал Ашхабадда 2017-жылы 6-7-мартта болгон.