Өкмөт чукул кырдаалдарга каршы туруу боюнча Ошто жыйын курат

Өзгөндөгү жер көчкү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоо иштерин жеткиликтүү камсыздоо боюнча Ош шаарында бүгүн, 3-майда жыйын курат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, селектордук чогулушта бүт өлкө аймагындагы жагдай талкууланат. Ага өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, финансы министри Адылбек Касымалиев катышат. Андан тышкары, Архитектура, курулуш, турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчилери чакырылган. Ал эми облустардын жетекчилери жыйынга он-лайн режиминде катышат.

Кыргызстанда быйыл ташкын, көчкү сыяктуу киши өмүрүн алган табигый кырсыктар көп катталууда. (SE)