Президенттик шайлоону октябрда өткөрүү сунушталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 3-майда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын өзгөртүү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрь деп белгилеген. Парламенттеги оппозициячыл азчылыктагы "Ата-Мекен" фракциясы болсо август айынын этегинде өтүшү керек деп билдирген.