Көчкү алдында калгандарга жаназа окулду

Жаназа учуру.

Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү астында калган кишилерге 2-майда жаназа окулду. Ага вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жаназага катышкан муфтияттын өкүлдөрү топурак алдында калгандарды издөөнү токтотуу боюнча сунушту карап көрүүнү алардын туугандарына сунушташты.

30-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши көчкү баскан жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган. Аалымдар жер көчкү же башка ушул сыяктуу апааттарда топурак астында калгандардын сөөгүн табууда кыйынчылык жаралса, ошол жерди кабырга айлантууга шарият жол берерин билдиришкен жана буга диний китептерден далилдерди келтиришкен. Бүгүн көчкү алдында калгандардын туугандары менен жолугушуу учурунда Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Кеңештин мүчөлөрү Мамасабыр ажы Досболов, Тажидин ажы Байтейитов, Ниязали ажы Арипов, муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев баштаган бир катар дин адамдары ошол фатва боюнча элге түшүндүрмө беришти.

Бирок жаназа окулганына карабай учурда көчкү алдында калгандарды издөө иштери уланууда. Ага 400дөй адам тартылган.

29-апрелде Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай кыштагында тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал жети үйдү басып, 24 адам топурак алдында калган. Эртеси үч кишинин сөөгү табылган.

Мерт кеткендердин жакындарына президенттик фонддон 100 миң сомдон, өкмөттөн 70 миң сомдон жардам берүү чечими чыкты.

Бул аймакта жалпысынан 328 түтүн коопсуз жайга көчүрүлүшү керек. (SE)