Премьер-министр Жалал-Абадда көчкү жүргөн аймактарды кыдырат

Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2-3-майда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында жаратылыш кырсыктары орун алган аймактарга барат.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, Жээнбеков Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сел, көчкүдөн жабыркагандардын абалы менен таанышат.

Майлуу-Суу шаарындагы көчкү жүргөн аймактардын жашоочулары менен жолугушат.

Жаан-чачындын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда жер көчкү, сел, суу ташкындоо коркунучтары сакталууда. Жалал-Абад облусунун аймагында 19-апрелден тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (RsK/NT)