Алайда жаңы жер көчкү жаракалары пайда болду

Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жааганына байланыштуу жер көчкүлөр байма-бай кайталанууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылында жаңы жер көчкү пайда болуп, үч метрге чейин сүрүлгөн.

Андан 200 метр алыстыкта жайгашкан эки турак жайдын жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү.

Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жааганына байланыштуу жер көчкү байма-бай кайталанууда. 29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылындагы көчкү 24 адамды басып калды.