Бишкек шаарынын күнү белгиленүүдө

Бүгүн Бишкек шаарынын негизделгенинин 139 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду. Анда Бишкек өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий борбору экенин, өлкө жашоосунда өзгөчө орунду ээлерин белгилеген.

Бишкектин күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө. Анын алкагында, борбордогу Эски аянтта майрамдык концерт, жармаңке, Билим фестивалы жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Борбордо 27-апрелден тарта Бишкек маданият форуму өтүп жатат.(BkA)