Нарын: "коркуп жашагандан чарчадык"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Нарын шаарынын Сагымбай Орозбаков атындагы көчөсүндөгү жыйырмага чукул үйдүн дубалдары жарылып, ичи көгөрүп, жашоого мүмкүн болбой калды. Тургундар бул көйгөйдү чечүү талабы менен шаар мэриясына төрт жылдан бери кайрылып, майнап чыкпай келатат.