Франция: Ле Пен менен Макрон Амьене шаарында кокусунан "жолугушту"

Марин Ле Пен менен Эммануэл Макрон.

Президенттикке талапкер Марин Ле Пен өлкөнүн түндүгүндөгү Аменье шаарына өзүнүн атаандашы - борборчул саясатчы Эммануэл Макрон менен бир учурда барды. Бул шаарда жабылып калуу коркунучунда турган Whirlpool заводу бар. Анын жумушчулары бир нече күндөн бери заводдун Польшага көчүрүлүүсүнө каршы акцияга чыгып жатышкан.

Ле Пендин сапары алдын ала болжолдонбогондуктан, бул ишкананын жумушчулары үчүн да, атаандашы Макрон үчүн да күтүүсүз болду. "Улуттук фронттун" лидери жумушчулар менен жолугушту, бул учурда Макрон заводдун кесиптик кошуун өкүлдөрү менен сүйлөшүп жаткан. Euronews телеканалы Аменьеде Ле Пенди атаандашына караганда жылуураак тосуп алышканын маалымдады.

Ле Пен менен Макрон өткөн жекшембидеги президенттик шайлоонун 1-айлампасында атаандаштарын дээрлик бирдей көрсөткүч менен утуп чыгышкан. Макрон Ле Пенден үч пайыз гана алдыда.

Франция президентин шайлоонун экинчи айлампасы 7-майда болот.