Бишкекте «Мага баары бир эмес» жарандык форуму өтүүдө

Бишкекте «Мага баары бир эмес» жарандык форуму өтүүдө. Быйыл үчүнчү жыл уюштурулуп жаткан иш-чараны өлкөдө жарандык коомду бекемдөө максатын көздөгөн активист эксперттер Элмира Ногойбаева, Медет Түлегенов, Эркина Убышева, Бектур Элебесов, Перизат Сайтбурхан кызы өткөрүп жатат.

"Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева форумдун ачылышында сүйлөп жатып жаштардын коомдук жашоодогу активдүүлүгү төмөн болуп жатканына токтолду:

- Биз демографиялык ресурска байбыз. Үч жаш тургун, эсеп боюнча, бир улгайган адамга туура келет. Маселен, Балтика өлкөлөрүндө тескерисинче. Андыктан бул ресурсубуз менен мактансак болот. Бирок жаштар саясатка, чечим кабыл алууга активдүү катышпай, жоопкерчилик көрсөтпөй жатат.

Түрдүү жарандык долбоорлордун өкүлдөрү, эксперттер катышып жаткан талкууда өлкөнүн келечектеги образы тууралуу сөз жүрүүдө.

Программа боюнча бүгүн презентация, талкуулардан кийин Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы көрсөтүлөт жана анда көтөрүлгөн маселелер боюнча пикир алмашуу болот. Эртең ага Орусия, Польшадан келген эксперттер катышат.

Жыйынтыгында «Атуул» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.

Иш-чара "Достук" мейманканасынын жыйындар залында өтүүдө. (RK)