CPJ: Дүйнөдө журналисттерге куугунтук көбөйдү

Жоэл Саймон

Жаңы медиа технологиялар цензурага моюн бербей баратканына карабай, репрессиялык өкмөттөр абакка жапкан жана өлтүрүлгөн журналисттердин саны өсүүдө. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 25-апрелдеги отчетунда айтылат.

Комитет былтыр дүйнөдө 259 журналист камалганын, бул уюм байкоо жүргүзө баштаган 1990-жылдан берки эң чоң көрсөткүч экенин билдирет.

"Негизи бул качандыр бир эсепке алынгандардын арасынан журналисттер үчүн эң коркунучтуу жана кандуу учур" дейт комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон "Азаттыкка" маегинде.

Саймондун "Прессага чабуул-2017" аттуу китебинде социалдык түйүндөрдөгү түрдүү сайттар ачылып жатканына, смартфондор кеңири колдонулганына карабай, репрессивдүү өкмөттөр медиа жана журналисттер менен күрөшүн күчөткөнү камтылат.

Ошондой эле акыркы беш жылда 332 журналист өлтүрүлгөнү, ал да буга чейинки эң чоң статистика экени белгиленет.