4-апрелде кыргызстандык тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн беш бала Түштүк Кореяда акысыз операция болгонун Кызыл жарым ай коому билдирди. Алар аталган коом жана Кореянын “Гиль” аттуу медициналык борборунун каржылоосу менен дарыланып, азыр жакшы болуп калганы кабарланууда. 26-апрелде балдар Кыргызстанга кайтып келет.
Кызыл жарым ай коомунун бул программасы ата-энеси каржылык жактан кыйналган, тубаса майып балдарга багытталган. 2010-жылдан бери бул кызматташтыктын алкагында кыргызстандык 41 бала дарыланды. (BCh)