Сот Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди жана ушул эле партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду 25-майга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Буга УКМКнын кылмыш ишин тергөө толук бүтө электигин жүйө кармап, соттон Текебаев менен Чотоновдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартууну суранган өтүнүчү себеп болду. Текебаев жана Чотонов февраль айынын этегинде камакка алынган.