Студент: мыйзамдагы өзгөртүү укугумду бузду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
19-апрелде Конституциялык палата Бишкекте магистратурада окуган студенттин арызын карады. Келечекте сот болом деп кыялданган студент “Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу” жөнүндөгү мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр Конституцияга каршы келерин айтууда. Соттук жыйынга жоопкер болуп Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Жогорку соттун өкүлдөрү катышты. Конституциялык палата студенттин арызын канаттандырган жок.