Петербург метросунда жарадар болгон аял кайтыш болду

Теракттан өлгөндөрдү эскерүү. Санкт-Петербург

Петербург метросундагы жардыруудан каза болгондордун саны 16 кишиге жетти. Ооруканада жаткан дагы бир жарадар аял каза болгонун шаардын вице-мэри Анна Митянина бүгүн Твиттерде жазды.

Учурда бардык өлгөндөрдүн тек-жайы аныкталган. Жарадар болгон 50дөн ашуун адамдын бир бөлүгү дагы эле ооруканаларда кала берүүдө.

Бейшемби күнү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 3-апрелдеги терактты уюштурууга буйрук берген адам дээрлик аныкталганын билдирген. Кол салууга тиешеси бар деп борбор азиялык 10 киши, анын ичинде ага-ини Азимовдор кармалган. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча алар теракттын аткаруучусу деп аталган Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Ал эми кармалгандардын көбү ал ишке аралашпаганын айтышууда. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө алган жок.