Кыргызстандык 20 мектеп окуучусу Түркиянын Кожаели шаарында Улуттук эгемендик жана балдар майрамы фестивалына катышууда. Алар ыктыярчы адамдардын үйлөрүндө жашап жатышат.
Фестивалга 41 өлкөдөн балдар келген. Алар түрк көрүүчүлөрүнө ыр-бий тартуулашмакчы.
Иш-чара Түркияда 23-апрелде белгиленчү кош майрам Улуттук эгемендик жана балдар күнүнө карата уюштурулган. (ElB)