Текебаевдин тарапкерлери райсот алдына чогулушту

Камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Бишкектин 1-Май райондук сотунун алдында митинг өткөрүп жатышат. Окуяга көз салып турган кабарчыбыздын айтымында, элүүдөн ашуун адам Текебаевди бошотуу талабы менен турушат. Арасында "Ата Мекен" партиясынын дагы бир мүчөсү, камакта жаткан Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери да бар. Түшкө чейин алар Ак үй алдында акция өткөрүшкөн.

Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова Текебаевдин иши УКМКдан сотко 20-апрелде түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген. Ошондой эле Сатарова атайын кызматтын тергөөчүлөрү сотко кандай сунуштама жибергенин ачык айткан жок. Сот ишти качан карай турганы белгисиз. Ал эми Текебаевдин тарапкерлери иш 21-апрелде саат 14:00дө караларын билдиришкен.

Февралдын аягында кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы мындай айыпты "саясий куугунтук" деп баалап келет. (SE\UEz)