Текебаевдин иши боюнча сунуштама сотко келип түштү

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча документтер сотко 20-апрелде түшкөн. Сот аны качан карай турганы белгисиз. Ошондой эле Сатарова УКМК тергөөчүлөрү сотко кандай сунуштама жибергенин ачык айткан жок.

Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери сот ишти бүгүн түшкү саат 2де карай турганын айтып жатышат.

Текебаевдин камактагы мөөнөтү 25-апрелде аяктайт. Анын адвокаты Чынара Жакупбекова мыйзамга ылайык, депутат тергөө абагында калабы же чыгабы деген сунуштаманы УКМК тергөөчүлөрү 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берип, сот аны үч күн ичинде карап берүүгө тийиштигин билдирген.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты "саясий куугунтук" деп баалап жатат. 29-мартта Жогорку Сот Текебаевдин адвокаттарынын доо арызын караган. Соттук коллегия арыздын мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде көзөмөл өндүрүштү кыскарткан, камактагы депутаттын баш коргоо чарасын караган эмес. Текебаев 25-апрелге чейин камакта калган. (NT)