Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча отчетун угуп жатат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош жана Баткен облустарына иш сапар менен кеткендиктен, жыйында анын ордуна вице-премьер-министр Олег Панкратов баяндама жасады. Депутат Каныбек Иманалиев Панкратовду "өкмөттүн жасаган иштерин айтпай, социалдык сурамжылоолорду, эл аралык эксперттердин маалыматын кайталап жатат" деп сындады.
Өкмөттүн отчетун буга чейин парламенттеги көпчүлүк коалиция, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети колдогон. Анда 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганы, экономикалык өсүш 3,8 пайызды түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40 пайыз инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5.1 пайызга көбөйгөнү, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөнү айтылган. Жогорку Кеңештеги фракциялар талкуулап бүткөн соң өкмөт жалпы жыйында отчет берет.
Cооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка келгенине 13-апрелде туура бир жыл болду. (NT/UEz)