Айдоочулар: Кытайдан жүк ташуу кыйындады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу айдоочулар жана соодагерлер бийликке карата нааразылыктарын билдирүүдө. Соодагерлер Кытай визасын ала албай товарсыз калып, насыялары төлөнбөй жатканын айтса, айдоочулар кыргыз-кытай чек арасынан өтүүдөгү кыйынчылыктар чечилбей жатканына нааразы болушууда.