"Торугарт" чек ара бекети кадимки тартипте иштей баштады

Торугарт.

Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекети 18-апрелден тарта кадимки тартипте иштөөгө өттү. Кытай тарап өз аймагында селден зыян келтирилген жолду калыбына келтирүү иштерин аяктаган.

Аталган мекеме чек ара бекети оңдоо иштерине байланыштуу Кытайдын сунушу менен убактылуу жабылганын 18-апрелде кабарлаган. Анын качан ачыларын маалымдаган эмес. (NT)