АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түндүк Кореяны Кошмо Штататтардын чечкиндүүлүгүн сынабоону эскертип, кандай гана чабуул болбосун алар эффективдүү жооп кайтарышарын убада кылды. Бул тууралуу Пенс 19-апрелде Жапонияда Роналд Рейган атындагы учак ташуучу кеменин үстүндө сүйлөп жатып айтты:
- Дүйшөмбүдө Корей жарым аралын бөлүп турган куралсыздандырылган тилкеге бардым. Ал жактан чек арага күнү-түнү көз салып жаткан эр жүрөк кыз-жигиттерге жолуктум. Бул аймакта жашагандар билесиңер, Түндүк Корея тынч океан аймагындагы Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна жана дүйнөгө коркунуч туудуруп жаткан эң кооптуу өлкө. Президент Трамп белгилегендей, стратегиялык чыдоонун доору аяктады.
Эки күн мурда Түндүк Корея кезектеги ракеталарын учуруп, бирок учуу ишке ашпай калган. Ал эми буга чейин Пхеньяндын жээктерин көздөй багыт алды деп айтылып келген америкалык унаа ташуучу кеме жана аны коштоп бараткан кемелердин тобу Австралияны көздөй бурулганы маалым болду. Бул тууралуу АКШ куралдуу күчтөрү маалымдады.