Асан Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин тийиштүү буйругу 14-апрелде чыккан.
Асан Мансуров буга чейин Ош улуттук драма театрынын директору болуп иштеген.
Ал жаңы жетектей баштаган мекеме мурда Ош облустук элдик өнөр борбору деп аталган. Жакында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борбору деп өзгөртүлгөн. (SE)