Рустам Эмомали Душанбе мажилисинин төрагасы болду

Рустам Эмомали

Тажикстандын баш калаасы Душанбенин мэри, президенттин уулу Рустам Эмомали шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мажилистин сессиясы 18-апрелде өттү.

Рустам Эмомали сессияда сөз сүйлөп, шаардыктарды татыктуу жашоо менен камсыздоого убада берди. Ал депутаттардын көңүлүн курулуш, таштанды, көчөлөрдүн тазалыгы сыяктуу маселелерге бурду. Мындан тышкары калаа мэри жаштардын арасындагы экстремизмди алдын алуу зарылдыгына токтолду.

Рустам Эмомали эки апта мурун шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин расмий түрдө мэрлик кызматка киришкен.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 12-январда Душанбе шаарынын мурунку мэрин кызматтан кетирип, анын ордуна уулу Рустам Эмомалини алып келген. (SE)