Былтыр Кыргызстанга 3,8 млн. турист келди

Өткөн жылы чет өлкөдөн Кыргызстанды көргөнү, эс алганы келген туристтердин саны 3 млн. 800 миңден ашкан. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, 2015-жылы туризмден түшкөн акча ички дүң продукциянын 20 млрд. сомун түзсө, былтыр 1 млрд. 400 миң сомго көбүрөөк болгон.

- Кыргызстанга келген туристтердин саны былтыр салыштырмалуу азыраак болгон менен алар көбүрөөк акча ташташкан. Мисалы, өткөн жылы 4 миллиарддан ашуун турист келген. Бирок келген туристтердин экономикага кошкон салымы 2015-жылга караганда жогору. Туризм тармагына келген инвестиция боюнча да алдыдабыз.

Бүгүн Жаманкулов баштаган адистер, Кыргызстандагы туризм ассоциациясы келечектеги пландар, жасалып жаткан иштер туурасында журналисттерге маалымат берет.

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, эс алуучулардын басымдуу бөлүгү Казакстан, Орусиянын жарандары. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германиядан келген туристтер арбын. Алар көбүнчө экотуризмге, тоого кызыгат. (КЕ)