Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарында жарандык активисттер жоон топ адамдар тарабынан студенттин өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирип чыгышты.
Демонстранттар диний экстремизмди токтотуп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.
Абдул Вали Хан университетинин студенттери 13-апрелде окуу жайдын имаратында Машал Хан аттуу 23 жаштагы жигитти социалдык тармактарда исламга акарат келтирген маалыматтарды жайылтат деп союл менен сабашкан. Алардын токмоктоп жатканы видеого тартылып калган.
Жергиликтүү полиция окуя боюнча 22 киши кармалганын билдирди. Хайбер-Пахтунхва провинциясынын полиция башчысы Машал-хан студенттин кудайга акарат келтиргени боюнча эч кандай далил жоктугун билдирди. Коопсуздук боюнча иликтөө борборунун маалыматына ылайык, 1990-жылдан тарта өлкөдө жаратканга шек келтирди деп бери дегенде 65 киши өлтүрүлгөн.