Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна айтылган сынды четке какты

Кубанычбек Кулматов

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 700гө жакын долбоорлорго 222 миллион доллардан ашуун каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов 18-апрелде парламенттеги экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте баяндама жасаган учурда айтты.

Насыя элге жетпей жатат деген пикирлер туура эместигин белгилеген Кулматов фонд 13 банк менен иштерин кошумчалады.

Депутат Акылбек Жапаров акча ири эт комбинатын куруу өңдүү долбоорлорго жумшалбай жатканын сындады. Буга чейин да Жогорку Кеңештеги депутаттар арасында фонд тар чөйрөгө кызмат кылууда деген сындар айтылган.

Кубанычбек Кулматов "Азаттык" радиосуна:

- Насыянын баары мыйзамдуу түрдө, банк аркылуу берилип жатат. Фонд элиталык бизнес клубга айланды деген доомат негизсиз,- деп комментарий берди.

Фонд Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык келишимине ылайык, 2014-жылдын 24-ноябрында ишке кирген. Ал Евразия экономикалык биримдигининин шартында Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат деп айтылган. Алгач капиталы 1 миллиард доллар болору убадаланып, кийин 350 миллион доллар менен иш баштаган. (SE\EBM)