Роухани: Иранда газ өндүрүү эки эсе көбөйдү

Роухани

Иран президенти Хасан Роухани акыркы төрт жылда суу алдынан газ өндүрүү эки эсе көбөйгөнүн билдирип, муну экономикалык ийгилик катары баалады.

Роухани быйылкы президенттик шайлоого да катышууга ниеттенүүдө. Анын алдында өзү кызматка келген 2013-жылы өлкөдөгү негизги Түштүк Парс кениндеги күндүк өндүрүм 240 миллиондон 540 миллион куб метрге жеткенин айтууда.

Ал эми мунай министри Бижан Зангане акыркы он жылда деңиз түбүнөн газ өндүрүүгө 20 млрд доллар инвестиция салынганын эсептеди.

Иран көгүлтүр отунду иштеп чыгууну 2022-жылга чейин дагы он пайызга көтөрүүнү пландоодо. Өзөктүк программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен мунасага келгенден кийин Иран мунай өндүрүүнү да күчөткөн.