Парламентте жол кырсыктарын азайтуу маселеси көтөрүлдү

Жоггорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 17-апрелдеги жыйынында КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп жатканына токтолуп, өкмөткө катаал чараларды көрүүнү сунуштады. Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанда 1600дөй жол кырсыгы катталып, 148 адам каза тапкан, 186сы ар кандай жараат алган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол кырсыктары тууралуу маалыматтарды күн сайын окуп турарын, муну фото жана видеокаттоо системасы менен алдын алуу зарылдыгын белгиледи. Бирок тендерге байланыштуу сот иши уланып жаткандыктан “Коопсуз шаар” долбоору 2012-жылдан бери ишке ашпай турганын билдирди. Өкмөт башчы видеокаттоо ишке кирсе, кырсыктар азаярын белгиледи. (NT)