Жээнбеков: өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылды

Cооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганын билдирди. Бул тууралуу Жээнбеков бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында отчет берип жатып айтты.

Өкмөт башчынын белгилешинче, былтыр жалпы мамлекеттик программаларын аткарылышы 78,1 пайыз болду. Ал эми ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду, реалдуу өсүш 103,8 пайызды түздү:

- Өкмөттүн 2016-жылдагы башкы милдети экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калуу болгон. Анткени дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс тенденциялардын биздин мамлекеттин экономикасына таасирин тийгизүү коркунучу бар болчу. Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4 пайызды түздү, бул - ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.

Cооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка келгенине туура бир жыл болду. Былтыр 13-апрелде Жогорку Кеңеш ал сунуштаган өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасын парламент көпчүлүк добуш менен колдоп, аны өкмөт башчы кылып бекиткен. (NT)