Токмоктогу кайрымдуулук пансионунан 12 күн мурун качып кеткен 15 жаштагы өспүрүм табыла элек. Ушул тапта дайынсыз болуп жаткан Марлен Алтынбековдун жакындары баласын таап берүүнү өтүнүп УКМКга кайрылганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Марлендин таенеси Айым Асанбекова билдирди.
- Кечээ баламды Дордойдогу мечиттердин биринен көрдүк деп чалышкан. Биз мечиттерди карап жүрөбүз азыр. Эч кандай маалымат ала албай жатабыз. Балаңарды мурда эле бирөө коркутуп жүрсө керек, анан акыркы ушундай жолго барып өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп атышат.
Милиция Марлен Алтынбеков жазып калтырган катты териштирип жатат. Катта өспүрүм ур-токмоктон качып кеткенин жазган. Ал тарбияланган Токмоктогу кайрымдуулук пансиону буга баланын үй бүлөсүндөгү абал себеп дешет. (КЕ)