Түркмөн президенти тамекиге каршы күрөштү күчөтөт

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 2025-жылга чейин өлкөдө чылым чегүүгө тыюу салуу аракеттерин күчөтүүдө. Мамлекеттик “Бейтарап Түркмөнстан” гезитинин 15-апрелде жазганына караганда, мамлекет башчы алдыдагы беш жылда демилгени сүрөөнгө алган программага кол койду. Бердымухаммедов түркмөн коомун бардык тараптан көзөмөлдөө аракетин көрүп келет. Ал ден соолукка кам көрүү, сергек жашоону үгүттөөнү автократтык башкаруусунун негизги бөлүгү катары тандаган. 2013-жылы президент жыл сайын апрель айында мамлекеттик дүкөндөрдө тамеки сатууга тыюу салган эреже киргизген.