Сириядагы жардыруудан 100дөн ашуун киши каза болду

Алеппо

Алеппо шаарынын жака белиндеги жардыруудан 100дөн көп киши набыт кеткенин Сириядагы Адам укуктарына байкоо салган уюм билдирди. Буга чейин 40 чакты киши тууралуу маалымат тараган. Жардыруу 15-апрелде шииттер жашаган айылдардан жайкын тургундарды алып чыгып кетип жаткан автобустардын жанында болгон. Бийлик жардырууну жанкечти дүрмөттөлгөн машинасы менен жасаганын билдирди. Азырынча бир да жергиликтүү террордук уюм кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Ага чейин Сирия өкмөтү менен козголоңчулар 4 шаардан 30 миң кишини эвакуациялоо жөнүндө макулдашышкан. Жардыруу болгон кезде автобустарда жайкын тургундар менен катар өкмөттүк армиянын аскерлери да болгон.