Ала-Букада төрөткө катышкан аталар арбын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын борборунан 230 чакырым алыс турган Ала-Бука районунда ымыркайлардын өлүмүнүн саны азайды. Дарыгерлердин айтымында, буга жапон өкмөтүнүн колдоосу менен жаңы төрөткананын ачылышы жана медицина кызматкерлеринин тез жардам берүү ыкмаларын үйрөнгөнү өбөлгө түзгөн. Жаңы төрөткананын иши менен таанышуу үчүн ал жерге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү барды.