Петербургда «Платон» системасына каршы акцияга чыккандар кармалды

Санкт-Петербургда «Платон» системасына каршы жүрүшкө чыккандар кармалды. Орусиянын жүк ташуучулар уюмунун Петербургдагы бөлүмүнүн координатору Сергей Владимиров менен чогуу дагы беш кишини полициянын аймактагы бөлүмүнө алып барган. Андан сырткары болжол менен дагы беш кишини башка машине менен алып кетишкен. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы кабарлады. Невск проспектиси менен аянтка чейин барууну пландаган акциянын катышуучуларын Москва шоссесине чыга бериш жерден тосуп калышкан. Владимиров автожүрүшкө 80ден ашуун унаа катышып, митинг өткөрүү пландалбаганын айтты.

Орусиялык айдоочулардын нааразылыгын жараткан "Платон" системасы 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык, федералдык жолдон жүк ташыган унаалар бир чакырым үчүн ушул тапта 1,5 рублден төлөйт. Бул тариф 15-апрелден тартып эки эсеге көтөрүлүп, 3 рублга чыкты. Жүк ташуучулардын нааразылыгы 27-марттан бери жүрүүдө. (КЕ)