Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүнүн астында калган жаран изделүүдө. Куткаруу иштерине кошумча жергиликтүү тургундар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000м³ түзгөн жер көчкү жүргөн. Көчкү бир үйдү, аны менен кошо 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымовду басып калган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев башында турган жетекчилер көчкү жүргөн жердин кооптуулугун карап жүрөт.
26-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү жүрүп, бир турак жайды алты адам менен кошо басып калган. (КЕ)