Дарыгерлер спортту сүйүүгө чакырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Улуттук госпиталдын дарыгерлери арасында ден соолук күнү белгиленди. Иш-чара Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы паркта болуп өттү. Анда госпиталга кирген бир нече бөлүмдүн дарыгерлери аркан тартыш, чуркоо жана кол күрөш сыяктуу спорттун бир нече түрүнөн ат салышты. Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да катышты.