Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 13-апрелде спикер Чыныбай Турсунбеков кол койгонун парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Саматбек Ибраев КСДПдан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Буга чейин "Саякбай манасчы" эл аралык фондун жетектеп келген.
Ага чейин парламенттин аппаратын жетектеген экс-депутат Абдыманап Кутушев чет өлкөгө сапарга байланышкан сындардан кийин кызматтан кеткен. (NT)