Таш-Көмүр шаарында тамакка ууланган сегиз адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Уулангандардын арасынан үч бала реанимацияга жаткырылган. Жабыркагандар 7-апрелде бир жыл мурда колго жасалган козу карын салатын жегени аныкталды. Баарынын абалы азырынча оор.
Буга чейин Бишкектин Ош базарында сатылган тамак-аштан алты адам ууланганы кабарланган. Апрелдин башында ушул эле базардан атасы самсы сатып берген бир жарым жана жети жаштагы балдар ууланып, Республикалык инфекциялык ооруканага түшкөн. Самсы даярдаган жай жабылды.
Адистер көчөдө сатылган тамак-аштарды көзөмөлдөө кыйын болуп жатканын билдирүүдө. (RK/NT)