Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай БУУнун эң жаш элчиси болду.
19 жаштагы пакистандык активистти дайындоо аземи Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гуттерештин катышуусунда өттү. Малала 2012-жылы кыздардын билим алууга укугун коргогондугу үчүн Пакистандагы талиптердин огунан катуу жараат алган.
Анын кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөнү эл аралык кубаттоого арзып, 2014-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгын алган.