Тиллерсон Италияга “Чоң жетинин” жыйынына келди

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Италияга "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келди. 10-апрелде башталган жыйында Сириядагы соңку күндөрү күч алган кризис талкууланаары күтүлүүдө.

Жыйынга ошондой эле Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабия, Иордания жана Катар мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери да катышаары маалымдалды.

Италиянын тышкы мекеме жетекчиси Анжелино Алфанонун айтымында, Сириядагы кризисти талкуулоого багытталган атайын сессия алты жылдык согуштагы “кооптуу аскерий эскалацияны” алдын алуу үчүн уюштурулду.

Жыйын АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы ыктымал химиялык чабуулуна жооп катары 7-апрелде Сириядагы авиабазага жасаган аба соккуларынан соң өтүп жатат.

"Таймс" басылмасынын жазышынча, Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон жыйында "Чоң жетинин" өкүлдөрү бирдиктүү билдирүү жасап, Орусиядан Асаддын режимин колдоону токтотуп, Сириядан өз аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышы керектигин билдирген. Ошондой эле Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путин бул сунуштан баш тартса, Москвага каршы кошумча санкцияларды киргизүүнү демилгеледи.

Италиянын Лукка шаарында өткөн жыйындан кийин мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Москвага келип, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугары күтүлүүдө.

“Чоң жетиге” Кошмо Штаттар, Жапония, Британия, Италия, Германия, Франция жана Канада мүчө.