Нью-Йоркто кыргыз жараны изделүүдө

Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктар жарыялаган Азиз Чиркеевдин сүрөтү.

Бир жумадан бери АКШнын Нью-Йорк шаарында байланышка чыкпай жаткан кыргызстандык Азиз Чиркеевди издөө иштерине кыргыз элчилиги да киришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү эл көп чогулган жерлерде Чиркеевдин сүрөтүн илип, сураштыруу иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары Нью-Йорк шаарынын күч органдарына маалымат берилип, издөө уланууда.

Кыргызстандын жараны, 30 жаштагы Азиз Чиркеев 3-апрелде саат кечки 9да Нью-Йоркто иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча келген эмес. Анын телефону өчүрүлгөн бойдон байланышка чыкпай жаткандыктан, жакындары Чиркеевди табууга көмөк сурап диаспорага кайрылган. (SDz)