Осло: жардыруу уюштурууга шектүү орус жараны болуп чыкты

Осло.

Ослодо жардыруу уюштурууну көздөгөн деп кармалган адам Орусия жараны болуп чыкты.

Норвегия бийлиги шаардын борборунда бомбага окшош заттын табылышы боюнча шектүү кармалганын 9-апрелде жарыялаган.

Өлкөнүн улуттук чалгын агенттигинин билдиришинче, он жети жаштагы жаран террордук актты ишке ашырууну көздөгөнбү-жокпу азырынча аныктала элек. Ал үй-булөсү менен Норвегияга 2010-жылы барып, башкалка берүүнү сураган.

Шектүүнүн адвокаты Аасе Карин Зигмонд ал өзүнө тагылган айыпты четке кагып жатканын билдирди. Шаардын борбордук районунда 8-апрелде белгисиз зат табылган. Полиция анын колго жасалган бомба болушу мүмкүндүгүн жана зыянсыздандырылганын кабарлаган. Ишембидеги Стокгольмдогу кол салуудан кийин бардык Скандинавия мамлекеттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.