7-апрель: Таластагы элдик толкундоо
"Азаттыктын" кабарчы Замира Кожобаева элден интервью алууда.
Ошондогу "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев.
Талас облусунун мурдагы губернатору Койсун Курманалиева.
Болот Шер Талас шаарынын Ички иштер башкармалыгынын имаратынан бошотулуп жаткан чагы
6-апрель күнү Талас облустук администрациясына эл кирип барган.
Талас шаарынын ички иштер башкармалыгынын алдына эл чогулуп, Болот Шердин бошотулушун талап кылганда, милиция кызматкерлери аларды көз ачыштыра турган газ менен кууп, таратканга аракет кылган.
Ошондогу оппозиция лидерлеринин бири Болот Шердин камалышы Бакиевдин бийлигине ансыз да кыжыры кайнап турган элди козуткан.
6-апрель күнү Талас шаарына ошондогу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен биринчи вице-премьер министр Акылбек Жапаров вертолет менен учуп келишкен.