АКШ Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул жасады

7-апрелдин таңында АКШ Сириянын өкмөттүк аскерлеринин Шэйрат аскер-аба базасын аткылады. Чабуул президент Трамптын буйругу менен Сирия авиациясынын тынч тургундарга каршы химиялык курал колдонуусуна жооп катары жасалды.

Пентагондун маалыматы боюнча, Жер Ортолук деңизиндеги америкалык ракета алып жүрүүчү кемелерден 59 канаттуу ракета кое берилген. Ракеталар аскер учактарын, учактардын жер төлөсүн, күйүүчү жана жардыргыч заттар сакталган кампаны, ракетага каршы системаларды жана радарларды бутага алган. Чабуулдан тынч тургундар жана аба базасын тейлеген адамдар жабыркабашы үчүн болгон аракеттер жумшалганы кабарланууда.

Президент Трамп бул чабуул Сирия армиясынын "жапайы" химиялык чабуулуна жооп болду деп билдирди:

- Аба соккусунун максаты массалык жок кылуучу куралдарды колдонууну жана таратуунун алдын алуу. "Өлүм алып келүүчү химиялык курал колдонууга жол бербөө - АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына кирет. Сириянын бул тыюу салынган куралды колдонушу боюнча кайчы пикирлер болушу мүмкүн эмес, - деп баса белгиледи Трамп.

Бул чабуул АКШнын Сириядагы согуш жүрүп жаткан алты жылдан берки алгачкы чабуулу. Сирия армиясынын аскердик-аба базасына жасалган сокку АКШнын Сириядагы аскер операцияларын кескин кеңейтти. Буга чейин АКШнын Сириядагы аракеттери ИМ тобунун согуштук позицияларын бомбалоо менен чектелип келген.

АКШ маалымат каражаттарынын кабарлашынча, өкмөттүк күчтөргө абадан сокку уруу чечими америка жетекчилигинин эки күндүк талкуусунан кийин кабыл алынган.