Президент апрель революциясы боюнча кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу апрель революциясы майрамын утурлай жарыяланды.

"Мындан туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргызстандын тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан. Бирок Жеӊиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн мезгилдин ичинде да, алган жарааттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!", - деп айтылат кайрылууда.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда 2010-жылдын 7-апрели - өлкө тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири экени белгиленген.

2010-жылы апрель революциясы Талас, Нарын шаарларындагы элдин бийликтин башкаруу режимине нааразылык иш-чараларынан башталган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги 6-апрелде бир нече оппозициялык саясатчыларды камакка алган. Аларды бошотуу талабы менен чыккан эл 7-апрель күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Бийлик куралсыз элге ок чыгарып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жараат алган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. (ZKo)